Кыргыз эли байыртадан эле башка элдер сыяктуу бала тарбиялоого абдан чоң көңүл бөлүшкөн. Баланы чени менен эркелетип, жакшы тарбия берүүгө аракеттенишкен. Мисалы, сал билек деп баланы эркелетүүдө ата-эне же ага-эжеси бөбөгүн алдына алып олтуруп, анын эки бутун эки колу менен сал билек кылып кармап, төмөндөгүдөй ырларды айтышкан.
Алдей-аддей, ак бөбөк,
Ак боз жорго мал белек.
Алдей-алдей ак бөбөк,
Айран, кымыз ич бөбөк!
Сал-сал билек, сал билек,
Сары майга мал билек,
Коён эки кош белек,
Кошуп алган ак бөбөк,
Ак бешикке жат бөбөк,
Кунан койду сой бөбөк.
Куйругуна той бөбөк!
Кылымдар бою бөбөгүн ыр менен эркелеткен ушул сыяктуу салттары менен кыргыз эли табиятынан ырга шыктуу болуп өскөн. Бөбөктү жашынан жатык болууга, ырды, сөздү баалай билүүгө үйрөткөн. Бул салт атадан балага өтүп, азыркы кезде да улантылууда. Бешик үйлөрдө жогорудагы ыр саптарын элдик педагогиканын жакшы салттарынын бири катары пайдаланса болот.
Кыргыз эли илгертеден эле бөбөктүн эмгектей башташы, каз-каз турушу, баса башташы үчүн абдан камкордук көрүшкөн. Жаш келиндерге балдарын багууга, тарбиялоого байбичелер, бала багууга өтө жөндөмдүү аяддар жакындан жардамдашышкан. Бала тамтаң-тумтаң баса баштагандан тартып, ага атайын чыгырык жасап, баланы чыгырык менен жетелеп бастырышкан. Чоң ата, чоң эне, ата-энелер баланын баса баштаганына кубанып, тушоо кесүү тоюн өткөрүшкөн. Тушоо кесүү тоюн өткөрүүгө атайын даярда-нышкан. Той салт боюнча көбүнчө шаршемби күнү өткөрүлгөн. Ага катышуу үчүн айыл аксакалдарынан баштап балдарга чейин чакырылган. Тойго келгендерге атайын дасторкон жайылып, сый көрсөтүлгөн.
Баланын тоюн өткөрүү үчүн той башкаруучу дайындалат. Жарышты баштоочу жер жана мара белгиленет. Башкаруучу тойго келген аксакалдарды баш кылып эркектерди, аялдарды маранын айланасына, жердин шартына жараша катар отургузат. Жарышка өңчөй уул балдар же кыздар катышат. Чоң кишилерди жарыштырган учурлар да болот. Тушоосу кесилүүчү баланы таза кийинтип, марадан 10—15 метр алыстыкта атасы же апасы, же болбосо айыл аксакалдарынын бири эки бутун ала жип менен тушап кармап турат. Башкаруучунун жардамчылары жарышка катышуучуларды чуркай турган жердин башталышына алып барып тизет да, чуркоого белги берет. Башкаруучу болсо марада турат. Жарышка катышуучулар марага жарышып чуркап келишет.
Баланы атасы же апасы кармап турса, тушоону жарышта биринчи болуп келген бала кесет. Тушоону кескен бычакты же макини ошол кескен бала алат.
Баланын тушоосун аны кармап турган карыя адам кессе, ал балага «өмүрүң узун болсун, өнүп-өс, келечегиң кең болсун, элиңдин ишине жара, ата-энеңдин сыймыктанган уулу же кызы бол!» — деген сыяктуу жакшы сөздөрү менен батасын берип, тушоосун кесет. Марага келгендерге келүү кезегине жараша белгиленген байгелер берилет.
Андан кийин тушоосу кесилип жаткан бөбөктүн үстүнө жаба мурунтадан ата-энеси даярдап койгон чачыла чачылат. Чачыланы тойго катышкандар талап кетишет. Чачыла деп момпозуй, кант, боорсок ж. б. ушул сыяктуулар аталат.
Баланын тушоосу кесилгенден кийин, аны жаш балдар колтуГунан сүйөй кармап, тай-тайлап жетелеп, «сен да биздей жүгүрүп жүргүн!» — деп тилек, каалоо сөздөрүн айтышат. Ошентип, тушоо кесүү тою аяктайт.
Баланын тушоосун бешик үйдө (ясли) да кесүүгө болот. Бөбөк тарбияланып жаткан тайпанын тарбиячысы баланын ата-энеси менен бирдикте тушоо кесүү салтанатына даярдык көрөт. Ата бакчадагы бардык тарбиялануучулар чакырылат. Тайпанын тарбиячысы. келгендерди катарга тизип тургузат. Жарыш башталчу жер жана мара белгиленет. Жарышка катыша турган 15—20 тарбиялануучу тандалат. Оюнчулар жарышышып, марага чуркап келишет. Баланын тушоосун биринчи болуп чуркап келген тарбиялануучу кесет. Марага келгендерге келүү кезегине жараша байге ыйгарылат. Байгеге оюнчук, дептер, карандаш, калем сап ж. б. берсе болот. Тушоосу кесилген баланы биринчи жана экинчи келген тарбиялануучулар колунан жетелешип, «сен да бизге окшоп жүгүрүп ойноп жүргүн»,— деп, тай-тайлашат. Бөбөктү тай-тайлаган тарбиялануучулар аны ата-энесине алып келишет. Баланын ата-энеси анын боюнан ылдый чачыла чачышат. Чачыланы салтанатка катышкандар терип алышат. Салтанатты ыр-күү коштоп турса абдан көңүлд үү болот.
Кыз куумай оюну кыргыз элинин эң байыркы кызыктуу оюндарынын бири. Кыргыз эли бул оюнду көбүнчө күйөө кызга күйөөлөп жүргөндө, аш-тойдо, майрамдарда ойноп, калың элге тамаша курушкан. Кыз тандаган атын минип, андан артканы гана жигитке тийген. Жигит кызга жетсе артылып бетинен өпкөн, жетпей калса кыз атынын башын буруп камчы менен жигитти кайра кубалап сабаган. Кыз куумай азыр да элдик тойлордо, майрамдарда кеңири ойнолууда. Кыз куумайдын байыркы оюндардан экендиги «Манас» эпосунда да жолугат. Сейтек ата конушу Таласка көчүп келе жатканда жолдо эригип, көңүл ачып, кыраандар бары баш болушуп кыз куумай оюнун ойногондугу мындайча баяндалат:
… Боз бала, жигит аралаш, Кыз-келин менен жарышып, Кызык өзөн бойлошуп, Кызыгышып кыраандар Кыз куушмай ойношуп, Талыкпай көчүп, бээ байлап Таласты көздөй бет алып, Эл чуркурап, чуу болуп Эр кубанып, дуу болуп, Киндик кесип, кир жууган Жерине көчүп келатат.
Кыз куумай жөнүндө эл оозунда да төмөндөгүдөй саптар айтылат:
Кыз, жигити кыргыздын, Кылымдап ойнойт кыз куумай! Кыз куумай ойнун карасаң, Кызыгына эл батып, Кыйкырып дуулап тик турмай! Кыз куумай ойну кыргыздын, Эзелтен калган салты экен! Эңкейип жандап жарышып, Кызга жетсе жигити, Буралтып туруп кыз өбүш, Байыртан кыргыз наркы экен!
Ал эми кыргыздын белгилүү акыны Жалил Садыковдун:
Оюндун бири кыз куумай, Күлүктөр көктө сызчудай. Тизгинди чоюп жөнөсө, Жигити-шумкар, кыз куудй! Оюн деп чиркин ушуну айт, Көргөндө кимдер кызыбайт. Жигити жетип кызды өпсө, Көзүңө сүйкүм учурайт,-
деген ыры бул оюн жөнүндө не бир көркөм элес берип турат. Оюн 1-2 чакырымдай түз жерде, ат майданда (ипподром) ойнолот. Оюнга калыс дайындалат. Калыста ышкырык болушу керек. Кыз куумайга 15-17 же андан жогорку жаштагы курбалдаш кыз-жигит улуттук кийимчен катышат. Оюнга минилчү аттар алдын ала суутулуп, үртүктөлөт. Ат чабууну баштоочу жер, мара белгиленет. Кыздын минген аты жигиттин минген атына караганда күлүгүрөөк болот. Тагыраак айтканда атты кыз өзү тандайт. Калыс кыз-жигитти аттарына мингизип, ат чабууну баштоочу жерге алып келет. Кыз жигиттен 20-25 метрдей алдыда турат. Калыс баштоого ышкырык менен белги берет. Кыз качат. Жигит кызды кууп жөнөйт. Жигит кызга жетсе аны жандай чаап, кыздын бетинен аяр сүйүп коёт. Эгер марага чейин кыз жигитке жеткирбесе, кыз кайрылып туруп жигитти камчы менен сабайт. Бирок өтө чабууга болбойт. Оюнда жеңгендерге белгиленген байге ыйгарылат.
Кыргыз элинин эң байыркы ат оюндарынын бири. Кыргыздар жылкыны өстүрө да, багып таптай да билген. Атты унаа катары гана пайдаланбастан оюн-зоок, көңүл ачуу, күч сынашууда да минип пайдаланышкан. Мисалы, «Манас эпосунан»:
Атка болгон чабендес Ат үстүнөн эңишип,…-
Деген ыр саптарын окуйбйуз. Эпосто баатырлар менен бирге күлүк, күчтүү, жоого мине турган аттар да кошо макталып, даңазаланган. Андай аттар чынында эле акылдуу келип, айла-амалдуу болушкан. Ага Манастын Аккуласы, Тору чары, Семетейдин Тайбуурулу, Эр Төштүктүн Чалкуйругу, Бакайдын Көк чологу, Алмамбеттин Сараласы ж.б. кирет. Оодарышка уландар, кыздар кичине кездеринен эле көнүгүшөт. Оодарыш оюну кыргыз элинин салты боюнча ашта, тойдо ойнолгон. Азыркы кезде салтанаттуу күндөрдө, майрамдарда, той-тамашада ж.б. ойнолот. Оодарышка чыккан өспүрүм бала менен бала, кыз менен кыз, чоңураак болсо жигит менен жигит, келин менен келин эңишет. Эңишке чыккандардын күчү, атка чабендестиги барабар болуусу керек. Оодрышка катышкандардын кийими, аты, ат жабдыктары эңишке түшүүгө ылайыктуу болгону жакшы. Минүлчү аттар өкүм, күчтүү аттар болушу керек. Оодарыш оюнун уюштуруучу- калыс болот. Калыс катышуучулардан оюндун эрежесин сактоону талап кылып, ага көз салып турат. Оодарышка катышкандар бирин-бири ат үстүнөн оодарып, жерге түшүрсө жеңишке ээ болот. Бирок бирин-бири жеңден, чачтан, жакадан, беттен алууга, колун толгоого болбойт. Оодарышта жеңгендерге салт боюнча байге берилет. Эгер жаш балдар өздөрүнчө көнүгүү үчүн эңишишсе байге эмес упай берилет. Оюндун акырында кимдин упайы көп болсо ошол жеңүүчү болот.
ЖАА ТАРТМАЙ.
Кыргыз эли өз тарыхында ички, тышкы душмандарына каршы күрөш жүргүзүп, элин, жерин туруктуулук, баатырдык менен коргоп келген. Кыргыз эли өз эркиндигин коргоодо аскер куралдарын, анын ичинде жааны да колдонгондугу белгилүү. Бул жөнүндө «Манас» эпосунда да айтылат:
…Жамгырдай кылып жаа тартып, Мөндүр кылып ок атып… Камыштый найза кылкылдап, Кылыч, мылтык жылтылдап. Очогор огу жаңырып, Жаа- жебе огу жабылып… Мылтык менен урушуп. Маңдай-тескей турушуп Мылтык атып, жаа тартып, Карсылдашып урушуп. Жаанын огу чыркырап, Тийген жери быркырап,… Жаа байыртадан эле мергенчилик куралы болгон. Аскер куралдарынын бири катары да пайдаланышкан. Атчан чаап бара жатып жаа тартышкан. Азыркы кезде спрортук оюн катары кеңири колдонулат. Жаа тартмай аралыкты көз болжол менен өлчөй билүүгө, бутаны түз мээлөөгө, шамдагайлыкка көндүрөт. Азыркы кезде бул оюндун ат минбей жөө туруп жаа тартышкан жөнөкөй түрү кеңири тараган. Оюн тегиз жерде ойнолот. Оюн сырта ойнолсо, кокусунан жебе жаңылбас үчүн бута коюлуучу жакка эч кимди жолотпоо керек. Оюнду 15-20 оюнчу ойнойт. Жаа, бир нече жебе, узундугу 50 сантиметр келген таякча даярдалат. Оюнга калыс шайланат. Калыс оюнчуларды эки жаатка бөлөт. Жаат башчыларын дайындайт. Оюнчулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша жаа тартылуучу чек жана бута атуучу жер (аралыгы 20-25 метр) белгиленет. Ал жерге бута коюлат. Жаат башчылары же өкүлдөрү таяк кармашып же чүкө калчашып, бири оюнду баштоо укугун алат. Оюнду баштаган жааттын оюнчулары жаа тартып бүтүшкөндөн кийин кезек экинчи жааттын оюнчуларына барилет. Ушул жол менен оюн белгилүү убакытка чейин ойнолот. Оюнчулар кезек менен тике туруп, бутаны бир жолу гана атышат. Жаанын жебеси бутага канча жолу тийсе, жаа тарткан жаатка ошончо упай берилет. Жебе бутага тийбесе упай берилбейт. Калыс упайларды санап. Оюндун акырында жаат башчылары менен бирдикте жалпы санын чыгарат. Кайсы жааттын упайлары көп болсо, ошол жаат утат. АЛТЫ БАКАН.
Кыргыз элинин эң эски жана кеңири тараган оюндарынын бири. Бак-дараксыз жерде үч бакандын (шыргыйдын) башын бир жагына бууп бириктирип, ошондой эле үч баканды экинчи жагына коюп, ошол алты баканга кош аркан байланып селкинчек салынат. Алты бакандын үстүнө туурасынан устунча орнотулган учурлар да көп жолугат. Оюнчулар эки жаатка бөлүнүшөт. Арканга эки оюнчу (көбүнчө бир жагына кыз, экинчи жагына жигит) чыгып, арканды бекем кармап бетме-бет турушат. Оюнга катышуучулар селкинчекти күүлөнтүп коюшат. Андан кийин тээп аткандар өздөрү күүлөшөт. Ошентип, алты бакан селкинчек тебүү кезек менен улантылат. Кайсы жааттын оюнчулары белгиленген бийиктикке кп ктрлс ошол жаат жеет. Алты бакан селкинчек Тб ыр, бий, куудул сз менен коштолот.
Кыргыз элинин эн байыркы оюндарынын бири. Оюн каалаган жерде ойнолот. Кыз-улан аралаш ойнойт. Оюнчулар жашына жараша жаатка болунушуп, оюнга калыс шайлашат. Ар бир жаатка ат коюлат. Мара белгиленет. «Ак чолмок» узундугу соомчо келген ак соок (бодонун шыйбылчагы), жонулган же ак менен сырдалган жыгач болот. Калыс оюнчулардын бардыгына ак чолмокту корсотуп, андан кийин оюнчуларды тескери каратып тургузуп, алар ак чолмок кайсыл тарапка ыргытылганын билбей калсын учун бир тарапка таш, экинчи тарапка ак чолмокту ыргытат. Ыргытылган ак чолмоктун кайсы жерге тушконун баамдоого эки жак тен даяр турушат. Тушор замат жапырт чуркашып ак чолмокту издей башташат. Биринчи тапкан оюнчу оз жаатынын атын унун бийик чыгарып атайт да, мараны коздой чуркап жонойт. Атаандаштары ак чолмокту андан тартып алууга аракеттенишет. Ал тарттырып жибербей буйтай качып, жазгырып же онокторунун бирине бере салууга аракеттенет. Эгер атаандаштары ак чолмокту тартып алса, алар да оз тобунун атын кыйкырып атап качууга тийиш. Ак чолмокту марага алып келген жак кайра ыргытат. Ак чолмокту марага бир жолу таштаган жаатка 1 упай эсептелинет. Калыс упайларды эсептейт, оюндун жыйынтыгын чыгарат. Оюн эрежесинин туура сакталышына коз салат. Эрежени оюнчулар бузган убакта «ышкырып» белги берип оюнду токтотот. Калыстын буйругун аткарбаган оюнчу оюндан чыгарылат. Оюндун жыйынтыгында кайсы жаат коп упай топтосо ошол жаат утат. Упайлар барабар болуп калса кайсы жаат оюнду аз бузса, ошол жаат женет. Ак чолмокту талашууда кийимден, колдон, буттан тартпастан, туртпостон, оюнчунун колундагы ак чолмокту гана алууга аракеттенуу керек. Оюн куч сынашмай оюндарынын катарына да кирет. Оюн кобунчо айлуу тундо ойнолот. Бул оюн «ака чоол» деп да аталат.
КӨК БӨРҮ.
Кыргыз элинин ат устундо ойнолуучу спорт оюндарынын бири. «Манас» эпосундагы:
Болунуп ордо, чын морой, Атпай турган жер бекен? Жатпай оюн, кок бору Тартпай турган жер бекен?
деген саптар кок борунун байыркы оюндардан экендигин баяндайт. Кок бору тегиз жерде ойнолот. Оюнга 10-15 жаштагы уул балдар кунан минип катышат. Оюнчулардын саны чектелбейт. Оюнчулар оздорунон оюнга калыс шайлашат. Калыста эчкинин чылгый териси болот. Ал «Кок бору» деп аталат. Деги эле «Кок бору» терминдин келип чыгышы, илгерки кучко толуп турган жигиттер кадимки эле боруну (карышкырды) чаап алып, талашып- тартышып ойношкондугу менен байланышкан. Азыркы мезгилде бул оюн шартка ылайыкташтырылып, кыйла маданиятташтырылган. Эгер кок боруго 17 жаштан откон карылуу жигиттер катышса, башы кесилген улак (кобунчо серке), айрым учурда торпок да тартылат. Кок бору тартылуучу жер, мара белгиленет. Калыс оюнчуларды шамдагайлыгына, чабендестигине жараша барабар санда эки жаатка болот. Ал атчан келип, колундагы кок боруну оюнчулардын ортосуна таштайт. Оюнчулар ат менен жоолошуп келип, алардын ичинен мыкты чабендеси кок боруну энип алып качып жонойт. Ал кок боруну ынгайы келсе оноктошторуно берууго, аягында марага таштоого, ал эми атандаштары кок боруну андан жулуп алып, оздору марага таштоого аракеттенишет. Оюндун журушундо кайсы жаат кок боруну марага таштаса, ошол жаатка бир упай берилет. Калыс, упайларды каттап турат. Оюндун акырында упайлар эсептелет. Кайсыл жаат коп упайга ээ болсо, ошол жаат, оюнда утут. Бул оюн «Улак тартыш» деп да аталат. АТ ЧАБЫШ.
Ат чабыш кыргыз элини эн манилуу жана кызыктуу оюндарынын бири. «Манас эпосунда » да ат чабыш коп маалыматтар бар. Кулук аттарды заяпкерлер таптайт. Чабылуучу аттын кандай кулук экендигин алдын ала коро билген сынчылар, чабышка тушкон аттардын суроочулору болот. Ат азыр кобунчо айлампада, кээде туз жолдо чабылат. Атты токулуу да, жайдак да чапса болот. Кулукту минип чапкан бала чабендес деп аталат. Мелдешке 8-14 жаштагы уландар 3 жаштан жогорку бардык тукумдагы атты минип катыша алат. Ат 1200 метрден 50 километрге чейинки аралыкка чабылат. Ат чабышта жолду кыскартууга, башка бироонун атын камчы менен чабууга, жолдон тороого болбойт. Кулуктордун алдыга чыгып келгендерине жараша женуучулор аныкталып, байге ыйгарылат. Эгер аттар бир нече кезекке болунуп чабылса, анда байпге убакыт боюнча (ээлеген орду) аныкталат. Ат чабышта кулуктун алдыга чыгып келиши анын заяпкерине жана заяпкердин айтканын так аткарган чабендеске жараша болот. КЕЛИН ЖАРЫШ, КЫЗ ЖАРЫШ. Кыргыз эли байыртадан эле мал жандуу эл. Айрыкча жылкы остурууну жакшы корушот. Анткени, жылкы кыш кундору кобунчо талаадан кар тээп оттойт, колдго анчалык карабайт. Минсе каалаган жерине оз убагында жеткирет, ишеничтуу унаасы болот. Ошондуктан, кыргыз эли бугунку кундо да «ат адамдын канаты» дешип жорго, таскактуу аттарды жогору баалашат. Аны остурууго коп конул болушот. Дуйного белгилуу болгон кымыз да жылкынын сутунон ачытылат. Ошону менен эле катар байыртадан эле кыргыздардын жашы да, карысы да, уулу да, кызы да аттын куланы менен тен ойноп, ойноктото бастырып, ат устундо ар турдуу оюндарды ойношкон, конул ачышкан. «Келин жарыш, кыз жарыш » оюну да ат устундо ойнолуучу оюндардын бири. Ал азыр да элдик майрамдарда, ар кандай салтанаттарда откорулуудо. Оюн тегиз, ташы жок кенен талаада ойнолот. Оюнга 13 жаштан 23 жашка чейинки 5-6 кыз-келин жасалгаланган ат жабдык токулуп, уртуктолгон кулук аттарга алчыланта минип катышат. Улуттук кийимдерин кийишет. Алардан тышкары оюнду уюштуруучу, ат айдоочу кишилербул оюндун отушуно комоктошушот. Оюнду уюштуруучу кулукторду, оюнга катышуучу кыз-келиндердин кийимдеринин ат устундо кийууго жарактуу экендигин, ат жабдыктарынын ылайыктуулугун кароодон откорот. Кыздар тебетей киет. Келиндер жоолук салынат. Кулук аттарды жарыштырууну баштоочу жерди, мараны белгилейт. Ат айдоочу болсо кулук аттарды чабууну баштоочу жерге шаан-шокот менен шаракташкан кыз-келиндерди баштап барып, катарга тизет да чабууга белги берет. Оюнду уюштуруучу марада кулуктордун келишин кутуп турат. Ат чабууну баштоочу жер менен маранын аралыгы 1 километрден ашык болот.